Жээнбеков жардамчысын Кадр кызматынын жетекчи орун басары кылып дайындады

Алышбаев кызматтан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жана "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын 2-бөлүгүнүн 47-беренеси боюнча кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Калыбек Алышбаев Мамлекеттик кадр кызматынын директор орун басарлыгынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Өзбекстан Кыргызстанга жаңы элчи дайындады. Чоо-жайы
Маалыматта ал иштен башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу жана "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын 2-бөлүгүнүн 47-беренеси боюнча кеткен.

Анын ордуна президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Абдулазим Курманов келип, Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары болуп дайындалды.

Буга чейин ал президенттин жардамчысы болчу.