Бир нече күндөн кийин кыргыз-кытай чек арасы ачылып, "Торугарт" иштей баштайт

"Торугат" көзөмөл-өткөрүү жайынан жүктү өз ара өткөрүп туруу боюнча кыргыз-кытай тарап макулдашып, бир пикирге келди.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кытай менен Кыргызстандын чек арасы 8-июндан тарта ачылып, алгач эки тарапка жүк өткөрүп туруу макулдашылды. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Торугат" көзөмөл-өткөрүү жайынан жүктү өз ара өткөрүп туруу боюнча кыргыз-кытай тарап сүйлөштү. Биринчи этапта жүктөн башка эч нерсе өтпөй турганы айтылды", — деп билдиришти.

Ал эми иштин майда-чүйдө учурлары жакында болчу эки тараптын тиешелүү органдарынын сүйлөшүүсүндө такталары кошумчаланды.