Бейшембиге карата аба ырайы

Түнкүсүн Ош, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. 4-июнда Чүй менен Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарынын кээ бир аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, тоолуу өрөөндөрдө кар жаашы күтүлөт. Ал эми Баткен менен Таласта күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги маалымдады.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүйдө +31…+36, Таласта +30…+35, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +32…+37, Ысык-Көлдө +22…+27 жана Нарында +24…+29 градуска дейре ысыйт.

Ал эми Бишкекте күндүн табы +33…+35 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында термометрдин көрсөткүчү +34…+36 градуска жогорулайт.