Мейвезер полициянын колунан каза тапкан Флойддун зыйнатын көтөрөт

Атактуу боксчунун өкүлүнүн айтымында, Мейвезер Жордж Флойддун үй-бүлөсү менен сүйлөшүп, зыйнатына кетчү каражатты төлөп бермей болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Беш түр салмак категорияда чемпион болгон Флойд Мейвезер Миннеаполисте полициянын одоно аракетинен каза тапкан Жордж Флойдду акыркы сапарга узатуу зыйнатына кеткен каражатты көтөрүп берет. Бул тууралуу ESPN телеканалы боксчунун өкүлү Леонард Эллербеге шилтеме берип жазды.

"Ал (Мейвезер) сөөк коюу иш-чарасынын каражатын төлөп берет. Флойддун үй-бүлөсү менен бул тууралуу сүйлөшкөн, алар сунушту кабыл алган. Мунун баарын айтып жатканым үчүн кыжырданышы мүмкүн. Бирок ал мындай иштерди 20 жылдан бери кылып келет", — деп билдирген спортчунун өкүлү.

Эллербе бул иштерди жасоо менен боксчу өзүнө упай топтоону көздөбөй турганын белгилеген.

Мейвезер буга чейин, 2011-жылы, 45 жашында рактан каза болгон боксчу Генаро Эрнандестин акыркы сапарга узатуу чыгымын төлөп бергени айтылат. Мейвезер биринчи чемпиондук наамын 1998-жылы Эрнандести жеңип алгандан кийин тагынган.

АКШ: полиция кызматкерлери нааразылыкка чыккандардын алдында тизелеген видео
Америкалык кара түстүү жаран Жордж Флойд 25-май күнү каза болгон. Интернетте полиция кызматкерлери афроамерикалык адамдын колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп басып калган видео тараган. Бирөөсү моюндун күрөө тамыр өткөн бөлүгүн тизеси менен кысып, басып турат. Флойддун бир нече жолу "дем ала албай жатам" деп айтып, андан кийин тынчып калганын көрүүгө болот.

Афроамерикалык жарандын өлүмүнөн кийин АКШда өткөн жумадан тарта нааразычылык акциялары башталып, ал башаламандыкка айланып кетти. Бир нече шаарга коменданттык саат киргизилип, полиция кызматкерлери тартипке көз салганы менен башаламандыктын аягы сууй элек. Ири шаарларда дүкөндөр талкаланып, мародерлук күч алганын ЖМКлар жазып жатышат.

Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп башаламандыкты террорчулук деп сыпаттаган.

46 жаштагы Жордж Флойдду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-июнда өзү туулуп-өскөн Хьюстон шаарында болот.