Өмүрүн тобокелге салып тартышкан. АКШдагы башаламандыкты баяндаган 12 сүрөт

Sputnik

Өткөн аптанын жума күнү АКШда афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу каршылык акциялар башталган.

Флойд 25-май күнү каза болгон. Интернетте полиция кызматкерлери афроамерикалык адамдын колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп басып калган видео тараган. Бирөөсү моюндун күрөө тамыр өткөн бөлүгүн тизеси менен кысып, басып турат. Флойд бир нече жолу "дем ала албай жатам" деп айтып, андан кийин тынчып калган.

Бизге ызы-чуунун кереги жок! АКШдагы кыргызстандыктар менен маек
Нааразычылык акция башаламандыкка айланып, ал Американын 40тай шаарына жайылды. Бир нече шаарга коменданттык саат киргизилип, полиция кызматкерлери тартипке көз салганы менен нааразылыктын аягы сууй элек. Ири шаарларда дүкөндөр талкаланып, мародёрлук күч алган. Миңдеген адамдарга полициянын күчү жетпей калууда. Учурда төрт полиция кызматкери иштен алынып, бирөөнө "адамды кокусунан өлүмгө дуушар кылган" деген айып тагылды.

Болуп жаткан кырдаалды журналист, фотокабарчы, операторлор жеринен чагылдырып жатат. Айрымдар мыкты кадр алыш үчүн өрттөнгөн имарат, автоунаалардын жанына барса, кээ бири тартуу иштерин полиция кызматкерлеринин каршылыгына карабай жасап жатышат. Мунун баары сүрөттөр түрмөгүндө так, даана көрсөтүлгөн.

 

1 / 12
Сүрөтчүнүн иши да оңой эмес. АКШдагы каршылык акциясы учурунда полиция кызматкери фотографты түрткүлөп жатат
2 / 12
Миннеаполистеги жалбырттаган жалын. Өрттүн аптабына карабай фотокабарчы жумушун аткарууда
3 / 12
Нью-Йоркто каршылык акциясына чыккандардын бири. Жанындагылардын баары бет кап менен жүргөнүн байкоого болот
4 / 12
Түтүн, өрт. Ага карабай New York City басылмасынын кабарчысы иштеп жатат
5 / 12
Өмүрүн тобокелге салган дагы бир топ сүрөтчүлөр. Алар Нью-Йоркто өрттөнүп жаткан полициянын автоунаасын кадрга түшүрүштү
6 / 12
Сүрөттө LA Times басылмасынын фотокабарчылары. Алар АКШдагы коогалаңдан жабыркаган адамды тартып жатат
7 / 12
Мындай коргоочу касканы башка кийип алып, сүрөткө тартуу да оңой эмес
8 / 12
Атлант шаарында полиция кызматкерлерине кармалган фотограф
9 / 12
Эч кимге ээ-жаа бербей, тартипсиздик уюштургандарды тартуу бир топ эле кооптуу. AP басылмасынын кабарчылары кырдаалды чагылдырып жатат
10 / 12
Каршылык акциясы учурунда полициядан качып бараткан сүрөтчү
11 / 12
Жорж Флойддун өлүмүнөн улам башталган окуядан кийин бир катар имараттар өрттөлдү. Фотокабарчылар окуяны жеринен сүрөткө тартып, кырдаалды баяндап жатышты
12 / 12
Мындай учурда сүрөтчү, операторлор деле аскерлердей. Окуяны так-таасын жеткирүү үчүн өмүрүн тобокелге салышат