Жээнбеков менен Мирзиёев чек ара көйгөйүн талкуулашты

Мамлекет башчылар эки эл илгертен бери эле ынтымакта жашап, кыйын күндөрдө жардам беришип келишкендиги боюнча орток пикирин билдиришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы билдирди.

Алар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде чек ара кызматташтыгы, ошондой эле 31-май күнү чек арага танапташ жерде болгон конфликттик кырдаалды талкуулашкан.

"Жээнбеков менен Мирзиёев мындан ары андай жаңжалдарды болтурбоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү макулдашышты. Ошондой эле президенттер эки өлкөнүн эли илгертен бери эле ынтымакта жашап, кыйын күндөрдө бири-бирине жардам берип келишкендиги боюнча орток пикирин билдиришти", — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыр. Коңшу өлкөнүн ТИМи үн катты
Өлкө башчылар бир нече жолу берилген гуманитардык жардам үчүн өз ара ыраазычылыктарын айтышкан.

Эске салсак, 31-майда Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районуна караштуу Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Андан 25 киши жаракат алып, ооруканада жаткан төрт адамдын экөөсүнүн абалы оор экени айтылган.