Путин менен Трамп телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүү маалында эки жетекчи стратегиялык туруктуулук жана аскердик жаатта бири-бирине ишеним боюнча россиялык-америкалык диалогду активдештирүү керектигине токтолушту.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин АКШлык кесиптеши Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү. Маек Вашингтон тараптан демилгеленгенин Кремлге шилтеме берип РИА Новости жазды.

Оңдолгус ката! АКШдагы митингге тиешеси бар деп айыпталган Россия жооп берди
Сүйлөшүү маалында Путин менен Трамп стратегиялык туруктуулук жана аскердик жаатта бири-бирине ишеним боюнча россиялык-америкалык диалогду активдештирүү керектигине токтолушту.

Ошондой эле АКШ лидери Путинге G7 саммитине Россия жана башка бир катар өлкөлөрдү чакыруу идеясын айтып берди.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн башчылары ОПЕК+ келишими боюнча нефть рыногун турукташтыруу боюнча сөз кылышты.

"Лидерлер коронавируска каршы күрөш боюнча дагы сүйлөштү. Россия президенти Трамп Россияга жасалма дем алдыруучу аппараттарды жибергендиги үчүн ыраазычылык билдирди", — деп айтылат кабарда.

Сөзүнүн аягында Путин Трампты Crew Dragon кемесин космоско ийгиликтүү учуруп алышы менен куттуктады. Тараптар космос тармагындагы кызматташтыктар тууралуу дагы кеп кылышты.