Ош шаарында 100 орундуу бала бакчанын курулушу башталды

Жаңы бала бакча жергиликтүү бюджеттин эсебинен салынмакчы. Тендердик баасы 22 млн. 520 миң сомду түзгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда 100 бөбөккө эсептелген бала бакчанын курулушу башталып, ага капсула салынды. Бул туурасында Ош мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жергиликтүү бюджеттин эсебинен эки бала бакча курулуп, даяр турат. Жапалактын Арек айылында да бир объект салынып жатат. Ак-Тилек кичи районунда бала бакча жоктугун эске алып, ал жакта да курулушту баштадык. Бөбөктөрдү аталган жайлар менен камсыздоо негизги планга коюлган", - деген капсула салуу салтанатына катышып жатып калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов.

Ак-Тилек кичи районуна курула баштаган 100 орундуу бала бакча жергиликтүү бюджеттин эсебинен салынат. Тендердик баасы 22 млн. 520 миң сомду түзүп, курулуш иштерин "Мираж-Профи" ЖЧКсы жүргүзөрү кабарланды.