Новопавловка айылында турак үйдөн өрт чыкты. Видео

Тилсиз жоо менен күрөшүүгө Ленин жана Сокулук райондук өрт өчүрүү кызматтарынан эки бөлүм тартылды.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Сокулук районунун Новопавловка айылында көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

“Алдын ала маалымат боюнча, Новопавловка айылынын Фрунзе көчөсүндө көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 23:03тө Ленин райондук №6 кызматынан 1 бөлүм, саат 23:06да Сокулук райондук №23 кызматынан 1 бөлүм тартылган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Окуя болгон жерден тартылган видеону "Короче" Telegram каналы жүктөдү.

Кадрлардан үйдүн күйүп жатканын көрүүгө болот.