Өзбекстан Кыргызстанга жаңы элчи дайындады. Чоо-жайы

Жаңы элчиге чейин Бишкекте дипломатиялык вазыйпаны Комил Рашидов аткарып жүргөн. Кыргызстанда ал сегиз жыл элчи болуп иштеди.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси болуп Хуршид Мирзахидов дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирмесине таянып кабарлады.

Ага ылайык, жаңы дайындалган өкүл Бишкекке 30-майда келген.

Жээнбеков менен Мирзиёев чек ара көйгөйүн талкуулашты
Хуршид Мирзахидов элчилик кызматка келгенге чейин Өзбекстандын маалымат технологиясы жана коммуникацияны өнүктүрүү министри, Улуттук телерадиокорпорациясынын жетекчиси, Транспорт министрлигинин алдындагы автоунаа жолдору комитетинде жетекчинин орун басары сыяктуу кызматтарды аркалаган.

Өзбекстандын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Комил Рашидов жаңы кызматка, тагыраагы, өкмөт башчынын кеңешчиси болуп дайындалганына байланыштуу элчилик кызматтан былтыр күздө кеткен.