Кыргызстанда бир суткада 38 бейтап айыкты. Жалпы саны 1219 болду

Акыркы суткада Бишкектен 18, Нарындан алтоо, Ош шаарынан алтоо, Ош облусунан алтоо, Жалал-Абаддан экөө айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада коронавирус жуктуруп алган 38 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, коронавирустан айыккандардын жалпы саны 1219 болду.

"Акыркы суткада Бишкектен 18, Нарындан алтоо, Ош шаарынан алтоо, Ош облусунан алтоо, Жалал-Абаддан экөө айыгып, үйлөрүнө чыгарылды", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1845ке жетип, анын ичинен 1219 бейтап айыкты. Тилекке каршы, коронавирус 17 адамдын өмүрүн алды.