БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. COVID-19ду дарылап, чындап жыйынтык берчү вакцина жакынкы жылдары чыкпайт. Бул тууралуу Россиядагы коронавирус менен күрөшүү боюнча маалымат борборунун расмий өкүлү, доктор Александр Мясников онлайн-видео көпүрө учурунда билдирди.
"Вакцина азыр чыкпайт, чыккан күндө да колдонууну сунуштабайт элем. Мен ал вакцинаны пайдаланбайм. Канчалык коопсуз экенин эч ким билбейт. Аны текшерүүгө кеминде эле 4-5 жыл керек. Анын максаты — кесепетин аныктоо. Бала жарык дүйнөгө тогуз айда келет, бирок беш айдан кийин деле төрөп койсо болот, бирок анда бала өлүү төрөлөт. Бул деле ушундай. Вакцина мына-мына чыгат деген сөздүн баары куру кыял", — деди Мясников.
Адис алгачкы коронавирустан (тарыхта беш штаммы аныкталган) вакцина 10 жылда чыкканын эске салды. Даяр болгон маалда муктаждык болбой калган. Дарыгер бул COVID деле ушундай тагдырга туш болот деп эсептейт.