Дүйнөдөгү эң кары адам узак жашоонун сыры менен бөлүштү

Ал математика илимин таштап салып, айыл чарбасына кызыгып, изилдей баштаган. Бул тармакка өмүрүнүн 70 жылга жакын мезгилин арнаган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бухаресттин жашоочусу Думитру Команеску учурда дүйнөдөгү узак жашаган адам деп эсептелет деп билдирди РИА Новости Romania Insider басылмасына таянып.

Японияда планетанын эң кары адамы көз жумду
Буга чейин британиялык 112 жаштагы Боб Уэйтон аталган титулду бербей келген. Эми ал каза болгондон кийин ал 111 жаштагы Думитру Команескуга өттү.

Ал 1908-жылы 8-ноябрда Румыния борборунун жанындагы Провица-де-Жос деп аталган коммунада туулган. Математика факультетин аяктап, дифференциалдык геометрия боюнча жергиликтүү мектепти негиздеген. Бирок илимди таштап салып, айыл чарбасына кызыгып, аны изилдей баштаган. Бул тармакка өмүрүнүн 70 жылга жакын мезгилин арнаган.

Бул адам узак жашоонун сыры катары үч нерсени санап берген.

"Алар – өмүрлүк жубайымдын, тарбиялап өстүргөн уулдарымдын жана неберелеримдин сүйүүсү" – деген карыя.

Мурдагы рекордчу Боб Уэйтон 112 жыл 60 күн жашагандан кийин рактан көз жумган. Ал узак жашаган адам наамына 112 жаштагы Титэцу Ватанабэ дүйнө салгандан кийин жеткен.