Бишкекке Европа өлкөлөрүндө жүргөн 179 кыргызстандык кайтты

Белоруссиядагы Кыргызстандын элчилиги өлкөнүн чет мамлекеттеги мекемелери менен сүйлөшүү жүргүзүп, Европада калгандарды бир каттам менен кайтарган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бүгүн, 2-июнда, Avia Traffic Company компаниясынын "Минск — Бишкек" каттамы аркылуу 179 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өзбекстандан Кыргызстанга гумжардам келди
Аталган рейс Белоруссиядагы Кыргызстандын элчилиги тарабынан уюштурулган. Дипломатиялык өкүлчүлүк КРдин чет мамлекеттеги мекемелери менен сүйлөшүү жүргүзүп, Европа жана Азия мамлекеттеринен Минскиге келип, Кыргызстанга уча албай калган мекендештерди бир каттам менен кайтарган.

Бул рейс менен Австрия, Армения, Белоруссия, Венгрия, Улуу Британия, Германия, Литва, Италия, Испания, Голландия, Польша, Украина, Франция, Чехия, Швеция, Швейцария жана Эстонияда жүргөн кыргызстандыктар келди.

"Белгилей кетсек, жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргызстандын Европадагы четөлкөлүк мекемелерине берилген арыздардын негизинде түзүлгөн. Сырттан алып келингендер медициналык текшерүүлөрдөн өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат", — деп айтылат маалыматта.

Мекенге кайтууну каалаган кыргызстандыктарды кайтаруу иштери уланып жатканы кошумчаланды.