COVID-19: бир суткада эки медик оору жуктуруп, дагы экөө айыкты

Оору жуктурган эки ак халатчан Ош шаарынан. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 364 учур катталды.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде эки медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Кыргызстанда бир суткада 38 бейтап айыкты. Жалпы саны 1219 болду
Анын айтымында, оору жуктурган эки ак халатчан Ош шаарынан. Ал эми стационарлардан сутка ичинде эки медкызматкер айыгып чыккан.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 364 учур катталды. Алардын ичинен 254 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1845ке жетип, анын ичинен 1219 бейтап сакайды. Тилекке каршы, кечээ Нарында бир аял каза таап, коронавирус жуктуруп көз жумгандардын саны 17 болду.