УКМК төрагасынын орун басары Байымбетов кызматынан бошотулду

Жакыпбек Байымбетов кызматынан өз каалоосу менен кеткен. Өлкө башчынын маалымат кызматынын айтымында, буга ден соолугу себеп болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. УКМК төрагасынын орун басары Жакыпбек Байымбетов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Буйрукка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Билдирүүдө Байымбетов ээлеген кызматынан ден соолугуна байланыштуу кеткени айтылат.