Айланма жолдо кырсыктаган кичи автобус талкаланып калды. Видео

Кырсыктаган автоунаа каттамдагы автобус болбогондуктан, жүргүнчүсүз кетип бара жаткандыгын айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт айланма жолунда кырсыктаган кичи автобус трассадан катуу күү менен чыгып кетип, айдоочу жабыркаган. Бул маалыматты Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Тамтыгы калбай калыптыр! Кантта кагышкан үч автоунаанын видеосу
Окуя бүгүн чак түштө трассанын 98-чакырымында болгон. Ичинде айдоочудан башка эч ким болгон эмес. Анын Бишкекке келе жаткандыгы айтылды.

Автоунаанын трассадан бир нече метр алыстыкта талаада жаткан видеосу "Короче" Телеграм каналына жарыяланды. Кадрдан автокөлүктүн кузовунун бир топ жерлери майышып калганын көрүүгө болот.

Аталган башкармалыктан ал каттамдагы автобус болбогондуктан, жүргүнчүсүз кетип бара жаткандыгын айтышты.