Жашообуздун мааниси — силерсиңер. Жээнбеков балдарды куттуктады

Президент мамлекеттин келечеги жана коомубуздун бакубатчылыгы балдарыбызды мыкты тарбиялоодон башталарын кошумчалаган.
Sputnik

БИШКЕК, 1- июнь — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-июнь —Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, ар бир баланын өмүрүн жана ден соолугун коргоо — мамлекеттин да, коомдун да милдети экендигин айткан. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Баарыбыз тең биздин өлкөбүздөгү ар бир бала ата-эненин мээримине бөлөнүп, үй-бүлөнүн чөйрөсүндө бактылуу өсүшүнө умтулуубуз керек. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга өзгөчө көңүл бурулат", - деген мамлекет башчы.

Зомбулукту токтотолу! Өкмөт эртең балдардын алгачкы онлайн-саммитин өткөрөт
Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылында үй-бүлө институтун бекемдөө, өсүп келе жаткан жаш муунга билим берүү жана аларды тарбиялоо — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары аныкталганын айткан.

"Кымбаттуу балдарым, силерди майрамыңар менен куттуктайм! Биздин кубанычыбыз, биздин үмүтүбүз, жашообуздун мааниси — силерсиңер. Баарыңарга чың ден соолук, жакшы жашоо жана бактылуу балалык каалайм!" - деген президент.

Жээнбеков мамлекеттин келечеги жана коомубуздун бакубатчылыгы балдарыбызды мыкты тарбиялоодон башталарын кошумчалаган.