Президент менен жолуккан балдар "Ала-Арчада" сейилдешти. Сүрөттөр

Сооронбай Жээнбеков балдарга өзүнүн жумушу жөнүндө айтып берип, заманбап санарип технологияларды терең өздөштүрүүсүн каалап, ошол эле убакта китеп окууну да унутпоого чакырды.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө, ата-энесинен ажыраган балдардын таржымалын көрсөткөн "Мээрим" теледолбооруна катышкан балдар менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууга Актан Жумабеков (12 жашта), Бүбүрахима Абсатар кызы (15 жашта), Диана Аманкожоева (11 жашта), Эрбол Мансуров (13 жашта) жана Ыйманбай Куштарбеков (12 жашта) катышты. Президент аларды бүгүнкү майрамы менен куттуктады.

"Балдар Жээнбековдун кичине кездеги кыялдары менен каалоолору жөнүндө кызыктырган суроолорун берип, өз пландары, кызыккан кесиптери тууралуу айтып беришти. Президенттен балдар үйлөрүндө, интернаттарда тарбияланып жаткан балдардын тагдыры боюнча пикирине кызыгышты. Ошондой эле президенттин күнүмдүк ишинде туш болгон көйгөйлөр менен алдыга коюлган пландарын сурашты", — деп айтылат билдирүүдө.

Наталья Орейро кыргызча учурашып, кыргызстандык балдарды куттуктады
Жээнбеков балдарга өзүнүн жумушу жөнүндө айтып берип, заманбап санарип технологияларды терең өздөштүрүүсүн каалап, ошол эле убакта китеп окууну да унутпоого чакырды.

Мамлекет башчы балдарга бекем ден соолук, бактылуу жашоо, бакубат турмуш жана окууларына ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун катышуучулары президенттин колунан белек катары ноутбук алышты. Балдардын арасынан Актан Жумабеков карапачылык искусство менен алектенерин айтып, Жээнбековго өз колу менен жасаган илбирс түрүндөгү акча салып коюучу кутуну белек кылды.

"Андан соң балдар президент менен "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын аймагында сейилдеп, өлкө башчы аларга мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар жана расмий жолугушуулар өтчү жерлер тууралуу айтып берди", — деп жазылган кабарда.

Маалымат кызматтан билдиришкендей, президенттин 2019-жылдын декабрь айындагы жыйынтыктоочу пресс-конференциясында КТРКнын "Мээрим" долбоорунун авторунан президентке катышкан балдар менен жолугушуу сунушу түшкөн. Ал эми бүгүнкү кездешүүгө президент менен жолугушууну каалаган катышуучулар чакырылган.