Пенитенциардык пробация – бул пробациянын төрт түрүнүн бири. Ал түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткандарга, жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулууга жана бир жылдын ичинде түзөтүү мекемелеринен бошотулууга тийиш болгондорго колдонулат. Бул тууралуу Руслан Романов Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.
Анын айтымында, пенитенциардык пробацияланган кишини бошотууга даярдоодо ал кайра мыйзам бузбайбы, кылмыш кылууга муктаждыктары жокпу деген маселелер көңүлдө болот. Андан сырткары боштондукка чыккандан кийин социалдашуусу боюнча изилдөө жүргүзүлөт.
"Пенитенциардык пробацияда кишиге социалдык түрдүү жардамдар көрсөтүлөт. Мисалы, эгер жоголуп кетсе документтерин калыбына келтирүү, бара турган жери жок учурда коммерциялык эмес кабыл алуучу жайга жайгаштыруу, дарыланып жүргөн болсо аны улантуу үчүн медициналык мекемелер менен сүйлөшүү маселелери. Жумуш менен камсыз кылуу, ал тургай пенсияга документтерин тууралоосуна чейин жардам беребиз. Пробация кардардын тартибине жараша аталган программага өзгөртүүлөр же толуктоолор киргизилип турат. Белгиленген программанын кардар тарабынан аткарылышы же андан баш тартуусу түзөтүү мекемеси аны мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууну сотко сунуштаган учурда эске алынат", — деди Романов.
Ал жаран жазадан эрте бошотулган соң программада көрсөтүлгөндөрдүн аткарылуусу, жашаган дареги боюнча пробация органы тарабынан улантылып жана көзөмөлгө алынып турарын кошумчалады.