Ош: күйөөм УКМКда иштейт деп чатак салган аял мунапыстан улам жазадан бошотулду

Келиндин жолдошу дароо кызматынан бошотулуп, материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Sputnik

ОШ, 1-июн. — Sputnik. Ош шаарында карантиндик посттордун биринен жолдошунун УКМКдагы кызматы менен милицияны коркутуп, үч жылга эркинен ажыратылган аял кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ишти шаардык сот караган.

"Ош шаардык соту 44 жаштагы аялдын үстүнөн козголгон кылмыш иштин материалын карап, аны үч жылга эркинен ажыраткан. Бирок Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата мунапыс жарыялаган мыйзамдын негизинде аны кылмыш жоопкерчилигинен бошоткон", — деди Осмонкулов.

Ошто карантиндик постто чатак салган аялдын күйөөсү иштен алынды
Эске сала кетсек, окуя 31-март күнү саат 15:00дө болгон. Ош шаарындагы Ленин көчөсүндө аял посттон өтүү үчүн жолдошум УКМКда иштейт деп чатак салган. Териштире келгенде, ал Улуттук коопсуздук кызматынын Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын медициналык пунктунда жарым күндүк ставкада иштеген дарыгердин аялы экендиги белгилүү болгон. Аны менен келишим 1-апрелден тарта бир тараптуу токтотулган болчу.

УКМК өздүк коопсуздук кызматы аталган факты боюнча иликтөөсүн баштап, материалдар КРдин Жазык кодексинин 355-беренеси ("Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Постто чатак салган келин үч баланын энеси экендиги белгилүү болду.