Саны азайбай... Бир суткада дагы 12 медик коронавируска чалдыкты

Вируска кабылгандардын көбү Бишкек менен Нарын облусунан экендиги белгилүү болду. Ал эми сутка ичинде  үч медкызматкер стационардан айыгып чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 12 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус 69 адамдан табылды
Ага ылайык, оору жуктургандардын төртөө Бишкектен, алтоо Нарын облусунан, бирөө Ош облусунан жана дагы бирөө Ош шаарынан болуп чыкты.

Ал эми сутка ичинде үч медкызматкер стационардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 362 учур катталды. Алардын ичинен 252си сакайып кеткен.