Короо кыдырып... Бишкекте коронавирусту аныктоо үчүн сурамжылоо башталды

Медицина кызматкерлери үчүн короо-жайларга жана үйлөргө кирүүгө катуу тыюу салынган. Сурамжылоону эл каттоо менен алмаштырып албоо да эскертилди.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясына караштуу Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын директору Бактыгүл Исмаилова коронавирусту аныктоо максатында калаадагы короолорду кыдыруу иштери башталганын айтты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Исмаилованын айтымында, бул ишке квартал, көчөлөрдө жашаган улуулар, турак жай активисттеринен турган бригадалар тартылып жатат. Сурамжылоого медиктер да катышат.

"Адамдар ооруп, дене табы көтөрүлүп, дем алуусу кыйындап, жөтөлүп жатса да медициналык жардамга кайрылбай жатышат. Ооруган адамдар жумушуна барып, коомдук жайларда болуп, качан гана оорунун белгилери курчуй баштаганда 118 номерине чалышууда. Мобилдик бригадалар барган учурда айрым бейтаптардын ПЦР-тесттери оң болуп чыгып жатат", — деди Исмаилова.

Саны азайбай... Бир суткада дагы 12 медик коронавируска чалдыкты
Ал медицина кызматкерлери үчүн короо-жайларга жана үйлөргө кирүүгө катуу тыюу салынганын кошумчалады. Ошондой эле сурамжылоону эл каттоо менен алмаштырып албоого чакырды.

"Эл каттоо менен медициналык каттоону чаташтырбоо керек", — деди Исмаилова.

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1817 болду. Анын ичинен 1181и айыгып, 16сы көз жумган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.