Өлкөдөгү ишканалар кайсы кесип ээлерине муктаж? Рейтинг

Учурда республика боюнча жалпы жонунан 1500дөн ашык жумушчу керек. Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдө муктаждык бар адистиктердин тизмесин сунуштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik.  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги үч ай сайын суроо-талап болуп жаткан адистиктерге мониторинг жүргүзүп, талдайт. Мекеменин маалыматына ылайык, азыр медайым, дарыгер, мугалим, жер астын казып өтүүчү адистер жетишсиз. Алардын басымдуу бөлүгү саламаттык сактоо, билим берүү, кен казуу, кызмат көрсөтүү тармактарында эмгектенчү жумушчулар. 

Өлкөдөгү ишканалар кайсы кесип ээлерине муктаж? Рейтинг

Аталган рейтинг министрлик тарабынан жеке ишкана, мамлекеттик органдардын билдирүүлөрүнүн негизинде түзүлөт.