Доллар арзандап, алтын кымбаттады. 1-июнга карата баа

Sputnik Кыргызстан Бишкектин акча алмаштыруу жайларындагы валюта курсун, алтын жана күйүүчү майга болгон бааларды сунуштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Өткөн суткаларда Бишкекте доллардын баасы сомго карата төмөндөп, алтын куймалары, тескерисинче, кымбаттады. Ал эми күйүүчү майдын баасы ошол бойдон турат.

АКШ акчасын сатып алуу — 73.04, сатуу — 73.73 сом. Еврону сатып алуу — 80.26, ал эми сатуу 82.75 сомго бааланып жатат. Рубль наркы бир сомдун тегерегинде (сатып алуу — 1.034, сатуу — 1.057 сом) кармалып турат.

Автоунааларга пайдаланчу АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 32.8 - 32.9 сомдон, ал эми АИ-95 36.8 - 36.9 сомдон сатылууда.

Жогоруладыбы же түштүбү? COVID-19дун Россиядан которулган акчага таасири
Алтын куймаларынын бир граммын сатып алуу — 5 585, сатуу 5 613 сом деп катталды.

Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден 100 граммга чейин. Уютма сатуу башталгандан бери 220 килограмм алтын соодаланган.

Мамлекеттин башкы банкы алтын уютмаларын элге сатып гана тим болбостон, аны сатып да алат. Баа Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата ар күн сайын коюлуп турат.