БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кадамжайдагы чек арага жакын жайгашкан айылдардын жашоочулары биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолукканда 31-майдагы чатак боюнча бир нече маанилүү маселелерди айтышты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
“Жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Сох районунун айыл тургундары менен кечээ болуп өткөн чыр-чатакка байланыштуу актуалдуу маселелерди козгошту”, — деп айтылган кабарда.
Бирок маалыматта эмне маселелер көтөрүлгөнү жазылган эмес.
Боронов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен болгон сүйлөшүүлөр жана макулдашуулар тууралуу айтып берген.
“Биринчи вице-премьер-министр чек ара маселелерин чечүү, чек арага чектеш райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, ошондой аталган аймакта коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө экенин белгиледи”, — деп айтылган.
Боронов тургундардын кайрылуусу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлөрүн билдирди.
Эске салсак, 31-майда Кадамжай районунун Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Андан 25 киши жаракат алып, ооруканада жаткан төрт адамдын экөөсүнүн абалы оор экени айтылган.
Бүгүн биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Баткенге чыгып кеткен.