БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Баткенде жүргөн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Өзбекстандын премьер-министри Абдулло Арипов менен чек арадагы элдин кечээги чатагы боюнча жолугуп, сүйлөшөт. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Боронов бүгүн Баткен районунун Кадамжай районуна учуп кеткен.
Эске салсак, 31-майда Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Андан 15 киши жаракат алып, ооруканада жаткан төрт адамдын экөөсүнүн абалы оор экени айтылган.
"Боронов, андан сырткары, жергиликтүү бийликтин жана тартип коргоо органдарынын жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрөт", - деп айтылган маалыматта.
Өкмөт бүгүн Кадамжайда кырдаал турукташып калганын жана коопсуздук чаралары күчөтүлгөндүгүн билдирди. Тиешелүү органдар элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын кошумчалашты.