АКШ: уурулар байлыгы менен интернетте мактанам деп колго түштү

Аялы менен күйөөсү бир нече жыл бою куулук менен 12 миллион доллар таап, анысын өздөрү билбей билдирип алышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. АКШда байманалуу жашоосу менен Instagram тармагына мактанып сүрөттөрүн койгон аялы менен күйөөсү полиция кызматкерлеринин көзүнө түшүп калган. Бул туурасында Insider басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, Лас-Вегаста жашаган жубайлар Латиша жана Тим Харрон куулук менен түндүккаролиналык оорулуу адамдардын акчасын кымтып алып турган.

Алар бир нече жыл мурда мамлекетке медициналык бир нече уюмду каттаткан.

Түндүк Каролинадагы Карылар үйүнөн жаңы эле каза болгон кишилер туурасында маалыматтарды таап, мамлекеттик фондго аларга өлүм алдында "кызмат көрсөткөндүктөрүн" билдирип турушкан. Эч нерседен шек санабаган фонд бул үчүн аларга компенсация төлөп келген.

Мындай схема менен жубайлар бир топ акча таап, анысы 13 миллион долларга жеткен. Бул алар мактанып, байлыгын жар салганга чейин эч кимге байкалган эмес.

Аялы менен күйөөсү тапкандарын болуп көрбөгөндөй шөкөттүү жашоого жумшаган. Социалдык тармактагы баракчаларына менчик учагынын, кымбат тамынын, саякаттаган учурлардын сүрөттөрүн коюшкан. Андан сырткары, көз жоосун алган кооздуктардын да ээси экендигин жар салышкан.

Полиция алардын медициналык уюмунда бир шек жатканын байкап, алардын уюштуруучуларын текшере баштаган. Америкалык жубайлардын жомоктогудай жашоосун акырындап иликтей келгенде, жиптин учугу ууруларга алып барган.

Басылма алардын акыркы бир жыл ичиндеги жарыялаган сүрөттөрү алдамчылардын өздөрүн капканга түшүргөндүгүн жазды.