Темир тор артындагы бөбөктөр майрамды кантип өткөрүштү? Сүрөттөр

Абактагы балдарга маданий-спорттук мелдештер өткөрүлүп, ата-эне, бир туугандары менен кошумча телефон аркылуу сүйлөшүү уюштурулган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абактагы балдардын майрамы да салтанаттуу түрдө белгиленгенин кабарлап, темир тор артындагы балдар майрамынын сүрөттөрүн жарыялады.

Билдирмеге ылайык, Степное айылындагы №2 аялдар колониясында соттолгон аялдар, абактагы балдар жана алардын апалары үчүн концерт уюштурушкан.

"Мутакаллим" аялдар коому тарабынан эне-балага белек, оюнчук жана балдарга керектүү буюмдар берилген. Аталган колонияда соттолгон аялдар, анын ичинде балалуу кыз-келиндер да бар. Балдары үч жашка чыккандан кийин туугандарына өткөрүп берилет. Учурда ал жакта ымыркайлары менен жети аял бар", — деп айтылат маалыматта.

Кыздардан эркек балдар көп. Бөбөктөр боюнча кызыктуу статистика
Жалал-Абаддагы №53 жана Вознесеновка айылында жайгашкан №14 колониядагы балдар да көңүл сыртында калган эмес. Аталган жайларда 14 жашка чейинки өспүрүмдөр бар.

"Баарына майрамдык маанай тартууланып, шахмат, шашки, теннис боюнча спорттук мелдештер өткөрүлгөн. Соңунда түрдүү белектер тапшырылып, ата-эне, бир туугандары менен кошумча телефон аркылуу сүйлөшүү уюштурулду", — деп айтылат билдирүүдө.

Жаза аткаруу кызматы балдар колониясында маданий-спорттук иш-чаралар дайыма өткөрүлүп турарын кошумчалады.