Укук коргоочу Рузиевди үй камагына чыгарышты

Үй камагына чыгарылган Рузиев соттун чечимдерин бузбашы керек, болбосо кайрадан темир тор артына отуруп калышы мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Караколдук укук коргоочу Камил Рузиевдин үй камагына чыгарылгандыгын Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти.

Баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча чечимди шаардык сот кабыл алды.

Суракта болдум. Иш бөлмөсү тинтилген Калича Умуралиева түшүндүрмө берди
Рузиев үй камагында болгондуктан саат 22:00 менен 06:00 арасында үйүндө болушу керек. Андан сырткары, Ысык-Көл облусунун аймагынан ишти алып барып жаткан тергөөчүнүн уруксаты жок чыга албайт. Болбосо аны кайра камап коюшу мүмкүн.

Эске салсак, буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан "Вентус" коомдук бирикмесинин башчысы Камилжан Рузиевдин кармалганы кабарланган.

57 жаштагы укук коргоочуга карата Кылмыш-жаза кодексинин 359 ("Документтерди жасалмалоо") жана 204-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козголгон. Кармалган жаран Каракол шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кийин интернет тармагында УКМК алдамчылык боюнча деген кинени караган жок деген расмий эмес маалымат тарап кеткен.