Меңге көңүл бургула! Онколог тери рагынын белгилерин санап берди

Кээ бир адамдардын төрөлгөндөн эле меңи көп болот. Мунун зыяны жок. Меланома кээде адамдын денесине бир да мең чыкпай туруп башталат.
Sputnik

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Тери рагын өз убагында аныктап калуу үчүн денедеги меңдердин көбөйүшүнө көңүл буруу зарыл. Бул өзгөчө жаш улгайып калган убакта кооптуу экенин Россиянын Илимдер академиясынын академиги, министрликтин башкы онкологу Андрей Каприн "Инстаграм" баракчасына жазды. Маалыматты РИА Новости жарыялады.

"Кээ бир адамдардын денесинде төрөлгөндөн эле ондогон меңи болушу мүмкүн, алардын эч зыяны жок. Меланома адамдын денесине бир да мең чыкпай эле башталып калышы мүмкүн", — деп белгиледи ал.

Коомдук жайларда коронавирустан кантип сактануу керек. Дарыгердин кеңеши
Адис денеде меңдин өтө эле көбөйүп кетиши, алардын өңүнүн өзгөрүшү, көлөмү, кычышып, ооруксунганы меланоманын негизги белгилери экенин айткан. Мындан тышкары, ал меңдер кээде нымдашып, канап турат.

Каприн ушул сыяктуу белгилери байкалса дароо дарыгерге кайрылуу кеңешин берет.

Онколог белгилегендей, меланоманы дарылоо оорунун кайсы этабы болбосун жүргүзүлөт. Дарыгерге эрте кайрылгандар хирургиялык дарылоодон өтөт. Ал эми оору өтүшүп кеткенде келген бейтаптар клиникалык абалына жараша дары-дармек терапиясынын ар түрдүү жолун тандап алса болот.