Новосибирскиден 180 кыргызстандык учуп келди

Келген жарандардын баары медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.
Sputnik

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бүгүн Бишкекке Новосибирск – Бишкек чартердик каттамы менен 180 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Авиакаттам дүйнөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралардын убактылуу жабылышынан улам чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында жүзөгө ашырылды.

Элди S7 авиакомпаниясы ташыган.

"Бул каттам менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдети барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар мекенине кайтарылды. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардан келип түшкөн кайрылууларды, Сибирь, Ырааккы Чыгыш жана Россиянын түндүк аймактарындагы кыргыз диаспораларынын сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Келген жарандардын бардыгы медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

Кыргызстандын чет өлкөдөгү жарандарын кайтаруу иштери уланууда.