Баткен: чек арада чыр чыгып, эки эл бири-бирине таш ыргытты. Видео

Учурда Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров менен Өзбекстандын Сох районунун акими Фарух Усаров чатакты жөнгө салуу, жеринде элди тынчтандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Sputnik

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бүгүн, 31-май күнү, саат 12:30дар чамасында Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар бири-бирине таш ыргытышкан. Чатактын видеосу Короче телеграм каналына жарыяланды.

“Кыргыз жана өзбек жарандары Чечме айылындагы булакты биргеликте тазалап жатканда, “аталган булак бизге таандык” деген маанайда сөз талашып чырдашып кетишкен”, — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта учурда Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров менен Өзбекстандын Сох районунун акими Фарух Усаров чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн жолугуп, жеринде элди тынчтандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды.