COVID-19: вируска каршы турган дагы алты медик оору жуктурду

Ооруну жуктургандардын үчөө Бишкектен, экөө Нарын облусунан жана бирөө Ош шаарынан экени айтылды. 
Sputnik

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада алты медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, ооруну жуктургандардын үчөө Бишкектен, экөө Нарын облусунан жана бирөө Ош шаарынан. 

Жалпы жонунан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 350 учур катталды. 249 медкызматкер айыгып кетти.