"Кант" авиабазасында аскер айдоочуларын майрамы менен куттукташты. Сүрөт

Аскердик техникаларды башкаргандарга куттуктоолор айтылып, открыткалар тапшырылган. Майрам Россиянын коргоо министринин буйругу менен 2000-жылдан тарта белгиленип келет.
Sputnik

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Россиянын "Кант" биргелешкен авиабазасынын аскердик автоунаа инспекциясынын кызматкерлери Аскер айдоочуларынын күнүнө карата акция өткөрүштү. Бул тууралуу авиабазанын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, аскердик автоунааларды башкарган бардык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга открыткалар тапшырылган.

"Бул майрам 1910-жылы Санкт-Петербургда алгачкы жолу автоунаа ротасы түзүлгөндөн бери белгилене баштаган. Анын милдеттерине орус армиясынын аскер бөлүктөрүн окутуу жана даярдоо кирген. Бул рота аскердик автоунаа кызматын түзүүгө үлгү болуп болуп берген", — деп айтылат маалыматта.

Майрам расмий түрдө Россиянын коргоо министринин буйругу менен 2000-жылы гана белгилене баштаган. Ошондон бери жыл сайын РФтин Куралдуу күчтөрүндө майрамдалып келет.