Пилоттон COVID табылып, жолго чыккан учак артка кайтты. Индиядагы окуя

Дели шаарынан чыккан учак Өзбекстанга жетип калганда кайра Индияга артка кайтарылган.
Sputnik

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Учкучтардын биринен коронавирус табылып калгандыктан, Дели шаарынан Москвага багыт алган Air India жүргүнчү ташыган самолёт артка кайтууга аргасыз болгон. Бул тууралуу The Times of India басылмасы кабарлаган.

Маалым болгондой, Делиден чыккан учак Өзбекстанга жетип калганда кайра Индияга артка кайтарылган.

"Борттогу учкучтардын биринен алынган анализ анда коронавирус бар экенин көрсөткөндүктөн, авиакомпания учакты артка кайтарууга аргасыз болгон", — деп айтылат маалыматта.

Бул учкучтарды текшерип жөнөткөн команданын күнөөсү экени божомолдонду. Анткени алар учкучтун анализи таза чыкты деп жаңылып, каттамга чыгуусуна уруксат берип коюшкан.