Байкерлер калаа тургундарына уйку бербей... Милиция алар менен жолугуп, эскертти

Инспекторлор мотоциклчендерге түн ортосунда жарыш уюштуруп, шаардыктардын тынчын албоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Sputnik

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкек шаардык ИИББдин Кайгуул милиция башкармалыгынын инспекторлору шаар тургундарынын даттануусунан улам байкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу башкармалыктан билдиришти.

Жолугушууга Кыргызстандын мотоциклчилер коому катышты.

Өзгөчө абал режими аяктады! Эми кайсы эрежелерди кармануу керек
Маалыматка караганда, өзгөчө абал режиминин алкагында жарыяланган коменданттык саат жоюлгандан бери мотоцилкчендер шаардын чоң көчөлөрүндө түнкүсүн жарыш уюштуруп, коомдук тартипти бузуп келишет. Ал тургай жол кырсыктары болгон учурлар дагы катталганы айтылды.

Инспекторлор байкерлерди жолдо жүрүү эрежелерин сактоого чакырды. Ошондой эле алар түнкүсүн жашоочулардын тынчын алып жарыш уюштурууну уланта берсе, мыйзам чегинде жазаланары эскертилди.