Бишкектин Алтын-Ордо жаңы конушунда турак үйдөн өрт чыкты. Видео, сүрөт

Өрттү өчүрүүгө саат 12:24тө Свердлов райондук №7 кызматтан бир бөлүм, саат 12:26да Октябрь райондук №5 кызматтан бир бөлүм тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Борбор калаадагы Алтын-Ордо жаңы конушундагы турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу маалыматты ӨКМден тастыкташты.

"Алтын-Ордо жаңы конушунун 16-көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 12:24тө Свердлов райондук №7 кызматтан бир бөлүм, саат 12:26да Октябрь райондук №5 кызматтан бир бөлүм тартылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Окуя болгон жерден тартылган видеону "Короче" Telegram каналы жүктөдү.

Кадрлардан эки кабаттуу үйдүн күйүп жатканын көрүүгө болот.