Беш киши реанимацияда. Коронавирустан дарыланып жаткандардын абалы

Саламаттык сактоо министринин орун басары учурда вирус жуктуруп алуу ыктымалдуулугу күч болуп турганын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Өлкөдө коронавирустан дарыланып жаткан 593 бейтаптын ичинен он экисинин абалы оор. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта беш киши реанимацияда. Бүгүн коронавирус жуктурган 60 учур катталган. Ал эми обсервацияда 2 137 адам бар.

"Учурда вирус жуктуруп алуу ыктымалдуулугу күч болуп турат. Ошол себептен жарандарды санитардык режимдерди тыкыр сактап, коомдук жайларда бет кап тагынып жүрүүгө чакырам", — деди Үсөнбаев.

Бишкектеги цехте бир эле адам чогуу иштеген 24 кишиге коронавирус жуктурган
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1722ге жетти. Анын ичинен 1113ү айыгып, 16сы каза болду.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.