Теңинен көбү Нарында. Кыргызстанда 60 адам коронавируска чалдыкты

Ушуну менен өлкө аймагында коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1722 болду. Анын 1113ү айыгып, 16 киши көз жумду.
Sputnik

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда 60 адамдан коронавирус аныкталганын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Бишкек шаарында 25, анын экөө Россиядан келген курсанттар, Чуй облусунда үчөө, экөө Россиядан келгендер, ал эми Нарын облусунда 32 кишиден вирус табылган. 

"Обсервацияда 2137 адам жатат. 60 учурдун 52 учуру байланышкан адамдардын арасынан табылды. Абал курч, вирустун жугуу потенциалы бийик", — деди Үсөнбаев.

Ушуну менен өлкө аймагында коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1722 болду. Анын 1113ү айыгып, 16 киши көз жумду.