Бир суткада 14 медиктен коронавирус табылды. Анын 12си Нарында

Жалпы жонунан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 344 учур катталды.
Sputnik

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Өлкөдө акыркы суткада 14 медицина кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бир суткада коронавирус жуктурган медиктердин көбү Нарындан. Аталган аймакта 12 ак халатчандан вирус чыккан. Ал эми экөө Бишкек шаарынан экени айтылды.

Бишкектеги инфекциялык оорукана толуп калып, бейтаптарды кабыл алууну токтотту
Жалпы жонунан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 344 учур катталды. 247 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1722ге жетти. Анын ичинен 1113ү айыгып, 16сы каза болду.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.