УКМК укук коргоочу Рузиев Караколдон кармалганын кабарлады

Камилжан Рузиевге каршы эки кылмыш иши козголгон. Күч органдары анын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун текшерүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан "Вентус" коомдук бирикмесинин башчысы Камилжан Рузиевдин кармалганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

57 жаштагы укук коргоочуга карата Кылмыш-жаза кодексинин 359 ("Документтерди жасалмалоо") жана 204-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козголгон.

Кармалган жаран Каракол шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тийиштиги бар-жогун текшерип жатат.