Ошко Екатеринбургдан 233 кыргызстандык кайтып келди

Келген бардык жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.
Sputnik

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Ошко 30-майда "Урал авиакаттамдары" авиакомпаниясынын Екатеринбург — Ош рейси менен 233 кыргызстандык жаран учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматта авиакаттам дүйнөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралардын убактылуу жабылышынан улам чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында жүзөгө ашырылды.

"Бул каттам менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдети барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар мекенине кайтарылды. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардан келип түшкөн кайрылууларды, Урал федералдык округундагы шаарлардын жана аймактардын кыргыз диаспораларынын сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле "Урал авиакаттамдары" компаниясынан мурда билет сатып алгандар кирди", — деп айтылат билдирүүдө.

Келген бардык жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.