Жогоруладыбы же түштүбү? COVID-19дун Россиядан которулган акчага таасири

Акча которуу системасы эл аралык агымдын көлөмү бул жазда азайып кеткендигин көрсөттү. Россиядан жакынкы чет өлкөлөргө жасалган которуулар апрелде кээ бир компанияларда 50 пайызга ылдыйлаган.
Sputnik

Мында көрсөткүчтөр көптөгөн эмгек мигранттары пандемиядан улам мекенине кайтып же Россияда ишсиз калганы менен байланыштуу болду. Sputnik учурда акча которуу рыногунда эмне болуп жатканына көз салып, кийинкиге божомол кылып көрдү.

Апрелдеги которуулар жарымына чейин азайды

Апрель айында рынокто Россиядан жакынкы мамлекеттерге жасалган эл аралык которуулар кадимкидей түштү. Эгерде мартта төмөндөө 5-10 пайыз (2019-жылдын март айына караганда) болсо, апрелде 50 пайызга жетти. Бул маалыматты "Золотая корона – Денежные переводы" кызматынын директору Иван Ситнов айтып берген. Азыр майдагы көрсөткүч 25-30 пайызда турат.

Жогоруладыбы же түштүбү? COVID-19дун Россиядан которулган акчага таасири

Мындай абал "Юнистримде" да байкалган. Sputnik агенттигине Эл аралык которуулар кызматынын президенти Ксения Чернышева апрелде мартка караганда 34 пайызга түшкөндүгүн айтып берген. Майда апрелге карата 10 пайызга төмөндөө боолголонуп жатат.

Жогоруладыбы же түштүбү? COVID-19дун Россиядан которулган акчага таасири
"Россиядан жакынкы мамлекеттерге которулган акчалардын көп бөлүгү мигранттардын мекенине, үй-бүлөсүнө жиберген каражаты. Мартта абал мынчалык курч болгон эмес, бир катар ишканалар иштеп жаткан. Апрелде алар токтоп калды. Көбү мекенине кайтканга мажбур болду же кырдаалдын жакшырышын күтүп отуруп калды. Тагыраагы, үйүнө жибергенге эч нерсеси калган жок", — деген "Финам" компаниялар тобунун серепчиси Алексей Коренев жаздагы которуулар көлөмүнө байкоо салып.

Western Union кызматынан апрелде мартка караганда которуулардын көлөмү азайганын айтышкан.

КМШ өлкөлөрүнүн экономикасына урулган сокку

Жогоруладыбы же түштүбү? COVID-19дун Россиядан которулган акчага таасири
"КМШ өлкөлөрүнүн көп бөлүгүнө Россиядан түшкөн акча – бюджетти кадимкидей эле толтурган каражат. Бул валюта андан аркы тышкы соода операцияларын жасоого көмөкчү болот. Андыктан ачка которуу Кыргызстан жана Тажикстан үчүн зор роль ойнойт. Алар үчүн күткөн акчанын түшпөй калышы чоң эле сокку", — деген Ситнов.

Тармактарды жандандырууга эмне жардам берет?

Иван Ситновдун пикирине караганда, акча которуу рыногунун кайра калыбына келишине эки фактор таасир этет. Алар — жеке адамдарды тейлеген жайлардын ачылышы жана эл аралык аба каттамдарынын иштеши.

"Биз май айында Москвада бир катар чектөөлөр алына тургандыгын көрүп турабыз. Бир катар пункттар иштеп, аз болсо да өсүү байкалды. Ал эми чек араларга келсек, эл Россияга акча тапканга учуп келе турган маалда жабылып калды. Чек ара кандай ачылары менен абал жакшырат. Бул Россияга иштөө үчүн эл учуп келгенде болот. Бирок мунун качан болорун билбейбиз. Балким, бир ай, балким, эки ай кетет. Алдын алып айтуу кыйын. Бардыгы коронавирустан улам абалга байланыштуу болот", — деп эсептейт "Золотая корона" кызматынын өкүлү.

Алексей Коренев болсо төмөнкүчө айтты.

Мигранттар январь айынан бери канча акча которушту
"Азыр курулуш, жолдорду оңдоо иштерин башташат. Иштей турган кишилер керек, муктаждык болгон соң мигранттар Россияга кайрадан келет. Маселе башкада – эмгек рыногу өзгөрүшү мүмкүн", — деген аналитик.

Ал дагы бир пикири менен бөлүшкөн.

Эгерде пандемияга чейин Россиянын жарандарынын арасынан кара жумушка байланышкан, ачык абада, эшикте иштеген иштерге кызыгуу анчалык жаралбай мигранттарга тийсе, эми башкача болот. Келгендер атаандаштыкка кабылып, россиялыктар да ал иштерге, тагыраагы, мигранттардын жумушуна ыктай баштайт.

КМШнын экономикалык ишкер өнүгүү борборунун башкы директору Владимир Савченко да акча которуу өнөр жай активдүүлүгүнө байланыштуу деп эсептейт. Анын пикиринде, эгерде баары ойдогудай болсо, эки-үч айдан кийин калыбына келе баштайт.