Тажикстанга 3,4 млн. сомдук дары, арак алып бараткан кыргызстандык кармалды

Текшерүү учурунда 37 жаштагы кыргызстандык кишинин ири партия менен дары-дармек, спирт ичимдигин Тажикстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылганы аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү Баткенде аткезчилик жолу менен дары-дармек жана спирт ичимдигинин ири партиясын кармады. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты. 

Тажикстанга 3,4 млн. сомдук дары, арак алып бараткан кыргызстандык кармалды

Маалыматка ылайык, чек арачылар 30-май күнү Жаштык айылынан Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Текшерүү учурунда 37 жаштагы кыргызстандык кишинин ири партия менен дары-дармек, спирт ичимдигин Тажикстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылганы аныкталган. 

Тажикстанга 3,4 млн. сомдук дары, арак алып бараткан кыргызстандык кармалды

Товардын наркы — 3,4 миллион сом.

Айдоочу жана анын товарлары Бажы кызматы менен Финполдун жергиликтүү өкүлдөрүнө өткөрүп берилген. Тергөө амалдары жүрүүдө.