Балаңыз спортко шыктуубу? Мамагенттик сынак жарыялап, шартын түшүндүрдү

Балдардын спорттук өнөрүн тартуулаган видеолор 7-июнга чейин кабыл алынып, эртеси тандалгандар добушка коюлат. Ага жети жаштан он төрт жашка чейинкилер катышат.
Sputnik

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги Балдарды коргоо күнүнө карата "Чымыр денелүү балдар" сынагын жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Балдардын "Карек" кинофестивалына тасмалар кабыл алына баштады
Cынакка 7 жаштан 14 жашка чейинки өлкө аймагында жашап жаткан балдар катыша алат.

Конкурска катышуу үчүн баланын спорттук өнөрлөрүн чагылдырган 5 мүнөткө чейинки видеону тартуу керек. Андан кийин роликти жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сүрөтүн Telegram 0777 12-85-00 номерине жөнөтүү зарыл.

Видео 7-июнга чейин кабыл алынып, 8-июнда тандалган видеолор Мамагенттиктин @sport.gov.kg Instagram баракчасына жүктөлөт. Ал жактан эл жаккан видеого лайк басып, катышуучуга добуш бере алат.

15-июнда добуштар (лайктар) саналып, анын негизинде өлкөнүн эң чымыр денелүү балдары төмөнкү номинацияда аныкталат:

  • кыздар жана балдар арасында;
  • ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар жана балдар арасында.

Жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылат. Кошумча маалымат алуу үчүн 0312 32-53-02, 0312 62-52-15 номерлерине чалып, же aijanyl112@mail.ru электрондук дареги аркылуу кайрылууга болот.