Россия мигранттар үчүн атайын тиркеме киргизиши мүмкүн. Максаты

Тиркемеде мигранттын социалдык-укуктук макамы, биометрикалык маалыматтары, ден соолугу жөнүндө кабар жана кылмыш кылган-кылбаганы камтылмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Адистер Россиянын Ички иштер министрлигине чет элдиктердин смартфондоруна мигранттын санариптик профили орнотула турган атайын тиркемени түзүп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Агенттикке маалымат берген ишенимдүү адамдын айтымында, министрлик "коронавирустук пандемиядан келип чыккан күтүүсүз жагдайларды" эске алуу менен миграция чөйрөсүндөгү кырдаалга болжолдуу анализ даярдады. Мекеменин эксперттери "оптимисттик" жана "пессимисттик" өнүгүү варианттары менен кыска мөөнөттүү (ушул жылдын аягына чейин) жана орто мөөнөттүү (алдыңкы эки-үч жыл) мезгил деп бөлүүнү сунушташкан. Адистер миграциялык кырдаалдын курчушу мүмкүндүгүнө байланыштуу аны чечүүнүн бир нече жолун айтышкан.

"Азыр мигранттын "социалдык ишеним рейтингин" чагылдырган санарип профилин иштеп чыгуу жана аны түзүү планы бар. Анда мигранттын социалдык-укуктук макамы, биометрикалык маалыматтары, ден соолугу жөнүндө жана кылмыш кылган-кылбаганы камтылат", — деп билдирди маектеш.

Россия мигранттарга патент мөөнөтүн автоматтык түрдө узартып берет
Ал кошумчалагандай, мигранттар мобилдик аппаратына орното турган атайын тиркемени иштеп чыгууну сунушташкан. Тиркеме "Мигрант" деп аталары болжолдонуп жатат. Ага чет элдик жумушчунун санарип профили коюлат.

"Россиянын чек арасы ачылгандан кийин бардык мигранттар үчүн тиркемени орнотууну талап кылган эрежени киргизүү сунушталууда. Андан баш тартуу мигранттын социалдык ишеним рейтингин төмөндөтөт", — деди маалымат берген адам.

Ошондой эле эксперттер кылмышка барбаган, бирок мыйзамсыз же жарым-жартылай мыйзамсыз жүргөн мигранттарга расмий укуктук мунапыс жарыялоону сунуш кылышкан. Бул массалык түрдө мамлекеттик каттоону жүргүзүү үчүн керектиги белгиленет.