Кыргызча билем дейсиз, текшерели. Тест

Азыр "кыргызча жакшы билбейм" деген өнөр эмес, уят. Анткен менен көбүбүз эне тилде таптаза сүйлөйбүз деген ишенимдебиз.
Sputnik

Тилчилер же улуу муундагылар айткан кепти аңдап, түшүнө билебизби? Эгерде ойлонбой туруп "ооба" десеңиз, төмөнкү тестти сунуштайбыз.

Sputnik Кыргызстан сайтынан каалаган темада каалаган учурда каалаган санда тест таба аласыз, алардын тематикасы ар кыл.

Эгерде Кыргызстан санариптешип баратат, онлайн-диктант жазышым керек десеңиз, аныбыз дапдаяр.

Сабаттуу жаза аларымды текшерем дегендерге тестти илгиртпей сунуш кылабыз.

Кандай гана кыргызча татаал сөз болсо да кыйналбай түшүнөм дегендер үчүн да тест даярдаганбыз.

Депутаттын ката жазарын көрөм десеңиз, көз майыбызды коротуп жасаган тест да бар.

Баса, Facebook баракчабызга кирсеңиз, каалаган темада тесттер бар. Четинен өтө берсеңиз болот.