Лейлекте мунайды кайра иштетүүчү ишкана курулду

Бул ишкана толук ишке киргизилсе мамлекетке жылына 90 миллион сом салык төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлөрү айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Баткен облусундагы “Лейлек” эркин экономикалык аймагындагы алты гектар жерге мунайды кайра иштетүүчү ишкана курулуп бүттү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов аталган ишкананын ишмердүүлүгүнөн кабар алды.

Ишкананы куруу жана ишке киргизүү демилгесин көтөргөн жергиликтүү ишкер Нурбек Түркбаев долбоорду Кытайдын жана АКШнын ишкерлеринин жардамы менен ишке ашырганы маалым болду. Курулушка 1,5 миллион доллар жумшалган.

“Ишкананын бир айда 2 миң тонна мунайды кайра иштетип, 300 тонна бензин, 800 тонна солярка, 1 миң тонна мазут өндүрүү мүмкүнчүлүгү болот. Ал эми келечекте айына 5 миң тоннага чейин мунай затын кайра иштетүүнү пландап жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүнкү күндө Баткен облусунун Бүргөндү жана Арка массивиндеги мунайдын кени 1,9 миллион тоннаны түзөрү белгилүү болду.

Баткенде өрүк бышып, багбандар сатыкка чыгарууда. Сүрөт
Ишкерлер учурда «Кыргызнефтегаз» ишканасынын Кайрагач тилкесинде бир айда өндүрүлгөн 1 миң тонна мунайды кайра иштетип, андан сырткары жакынкы чет өлкөлөрдөн бир айда 2 миң тонна чийки мунайды ташып келип кайра иштетүүнү пландоодо.

Бул ишкана толук ишке киргизилсе мамлекетке жылына 90 миллион сом салык төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлөрү айтылды. Ошондой эле жергиликтүү 25 тургун туруктуу жумуш орун менен камсыздалары айтылды.