Министр: быйыл Кыргызстанда 1 млн. гектардан ашык жер айдалды

Министр пандемияга байланыштуу кырдаалдан улам азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында эгин көбүрөөк айдалганын айтып, аянтын санап берди.
Sputnik

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Быйыл 1 миллон 219 миң гектар жер айдалды, былтыркыга салыштырмалуу 2,3 миң гектарга көп. Бул тууралуу брифинг учурунда айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Министр пандемияга байланыштуу кырдаалдан улам азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында эгин көбүрөөк айдалганын айтып, аянты боюнча санап берди.

  • Буудай — 247,6 миң гектар;
  • дандык жүгөрү — 107,4 миң гектар;
  • чанактуу өсүмдүктөр — 63,2 миң гектар;
  • арпа — 515 миң гектар;

Мындан тышкары, 54 миң гектарга жашылча, 11,5 миң гектарга бакча өсүмдүктөрү отургузулганы айтылды.